Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы №4-5
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х. Байназарованын маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгы менен таанышып чыгып, С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын толугу менен аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын айыл аймагынын тургундарына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин алып баруусу айылдык кеңешинин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |