Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы №4-6
С.Юсупова айыл аймагынын ЖПБ нин жайыт баасын (тарифин) бекитип берүү жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагынын ЖПБ нин жетекчиси Ш.Тешебаевдин айыл аймагындагы жайыт жерлеринен пайдалануучуларга жайыт жерлерине коюулган баасын (тарифин) бекитип берүү боюнча жазган арызы менен таанышып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын ЖПБ нин жайыт жерлерине коюулган баасы (тарифи) төмөнкүдөй болуп белгиленсин.
№ | Малдын түрү | Жайыт пайдалануучу үчүн 1 малдын башына төлөнүүчү (сом) |
1 | Ири мүйүздүү мал | 250 |
2 | Майда жандык | 50 |
3 | Жылкы | 250 |
4 | Топоз | 300 |
5 | Бир гектар бакка | 5000 |
6 | Бир гектар дары чөптөргө | 1000 |
2.С.Юсупова айыл аймагынын ЖПБнин карамагындагы жайыт жерлеринен пайдаланганы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо жагы жетекчиси Ш.Тешебаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |