Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы №4-8
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган С.Юсупова айыл өкмөтүнүн имаратынын жер тилкеси багытындагы 33000,0 чарчы, мт жерин Райондун жана айыл аймагынын тургундары үчүн эс алуу багын куруу боюнча билдирүүсүн кароо жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган С.Юсупова айыл өкмөтүнүн имаратынын жер тилкеси багытындагы 33000,0 чарчы, мт жерин (айыл өкмөтүнүн имараты жана Музейинин жер тилкесинен тышкарысын) Райондун жана айыл аймагынын тургундарын суроо талаптарын, сунуштарын аткаруу максатында Райондун жана айыл аймагынын тургундары үчүн муниципалдык эс алуу багын куруу боюнча билдирүүсү угулуп, тийиштүү документтери каралып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17 беренелерин аткарууга алуу максатында С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык мечигинде турган 33000,0 чарчы, мт жерин (айыл өкмөтүнүн имараты жана Музейинин жер тилкесинен тышкарысын) Райондун жана айыл аймагынын тургундары үчүн муниципалдык эс алуу багын курууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн муниципалдык мечикте турган33000,0 чарчы, мт жерин Райондун жана айыл аймагынын тургундары үчүн муниципалдык эс алуу багын курууга тийиштүү Мамлекеттик ишкана мекемелеринен уруксат корутундаларын алуу жагы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган33000,0 чарчы, мт жериндеги мурдагы каарып, куруп жаткан көп жылдык дарактар мыйзам чегинде кыюуу, ордуна жаңы жаш көп жылдык (павловния) дарактардын көчөттөрүн олтургузуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |