Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-апрели № 67
Ички суу транспорту жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзамдын максаты болуп жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү суу транспорту менен ташууну, ошондой эле аны эксплуатациялоону камсыз кылууга багытталган, ички суу транспорту жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин түзүү саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам кемечиликти жүзөгө ашырууда, суу жолдорунда ар түрдүү кемелерди, анын ичинде республиканын суу жолдоруна кирбеген бардык көлмөлөрүндө чакан көлөмдүү кемелерди балык чарбалык, туристтик жана башка экономикалык максаттарда эксплуатациялоодо мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу ички суу транспорту жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө карабастан ички суу транспорту жаатында ишин жүзөгө ашырган бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
3. Ушул Мыйзамда белгиленген ченемдер төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын суу жолдоруна, көлдөрүнүн жана суу сактагычтарынын акваторияларына жана аларда жайгашкан курулмаларга;
2) Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде жайгашкан портторго, пристандарга, причалдарга, токтомо-базаларга жана суу транспортунун объекттерине;
3) Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда жана суу обьекттеринде эксплуатациялануучу кемелерге жана сууда сүзүүчү объекттерге;
4) Кыргыз Республикасынын ар кандай суу объекттеринде балык чарбалык, туристтик жана башка экономикалык максаттар үчүн эксплуатациялануучу чакан көлөмдүү кемелерге жана сууда сүзүүчү ар кандай каражаттарга.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан аскердик-көмөкчү, спорттук кемелерге жана сууда сүзүүчү каражаттарга да жайылтылат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын суу транспорту жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр менен терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) асма мотор - кеменин арткы бөлүгүндө жайгашкан, көбүнчө кичи кемелерге, ялдарга, сейилдөөчү шлюпкаларга, туристтик кемелерге, скутерлерге негизги кыймылдаткыч катары орнотууга арналган, кемеден абдан обочолонгон винттүү мотору бар орнотмо;
2) багаж - жүргүнчү ташуучуга өткөрүп берген ташуучу, бара турган пунктка жеткирүүчү мүлк;
3) жол жумуштары - түптү тереңдетүү, түздөө, тралдоо, түптү тазалоо, издөө иштери жана багыттама жабдуулардын каражаттарын суу жолдоруна жайгаштыруу жана карап күтүү боюнча башка жумуштар;
4) жүргүнчү - ташуучу менен келишимдик мамиледе болгон жана билетте же анын жол жүрүүгө укугун тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн адам;
5) жээк тилкеси - экологиялык жана техникалык талаптарды сактоо менен багыттама белгилерди жана жабдууларды орнотуу үчүн суу объекттеринин жээк сызыгы боюнча ичкериге чейинки кургактыктагы тилке;
6) ички суу жолдорунун бассейнинин жана суу транспортунун администрациясы - мамлекеттик мекеме формасындагы, Кыргыз Республикасынын аймагында ички суу жолдорун, навигациялык жабдууларды карап күтүүнү, ошондой эле мамлекеттик порттук-причалы жана кеме контролун жүзөгө ашыруучу уюм;
7) капитан - кеме ээси тарабынан ишеним берилген, кеме экипажынын жалгыз башчысы жана жетекчиси болуп саналган адам;
8) кеме - кемечилик максатында пайдаланылуучу, өзү жүрүүчү же өзү жүрбөй турган сүзүүчү курулма, түптү тереңдетүүчү жана түптү тазалоочу снаряддар, паром, сүзүүчү кран жана сууда жүрүү каражаттары катары пайдаланылуучу ушул сыяктуу башка техникалык курулмалар;
9) кеме айдоо - суу жолдорунда сүзүп жүргөн кемелерди башкаруу менен байланышкан иш;
10) кеме китеби - кемелерди каттоо жүргүзүлүүчү китеп;
11) причал - кемелердин коопсуз жакындап келүүсү үчүн түзүлүштөрү бар жана кемелердин коопсуз токтоосу, аларга жүк салуу, жүк түшүрүү жана тейлөө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн арналган гидротехникалык курулма;
12) пристань - көлдөрдүн булуңундагы ички суу жолдорунда жээкке жакын жерде дарыя кемелерин токтотуу (токтоочу жай) үчүн атайын жабдылган жер. Пристань навигация мезгилинде жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү жана кайра жүктөө операциялары үчүн арналган;
13) кеме экипажы - атайын даярдыгы, квалификациясы жана кызмат ордун ээлөө укугуна тиешелүү документтери бар, кемеде жумуштарды аткарган адамдар;
14) кеме ээси (мындан ары - кеменин ээси) - кеменин менчик ээси болуп саналганына же аны мыйзамдуу негизде пайдаланып жатканына карабастан, кемени өзүнүн атынан эксплуатациялоочу юридикалык же жеке жак;
15) колдо жасалган кыймылдаткыч - кол эмгегин пайдалануу менен чыгарылган, тиешелүү сертификаты же болбосо документи болбогон кыймылдаткыч;
16) кемелердин реестри - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу негизде турган, тиби, багыты, жүк көтөрүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу, классификациясы жана таандыктыгы боюнча ачык мамлекеттик кеме реестринде катталган ар түрдүү кемелердин жалпы тизмеги;
17) кеме жүрүүчү жол - бул суу жолдорундагы, анын чектерин көрсөтүүчү навигациялык белгилер орнотулган суунун үстү, анын чегинде белгилүү өлчөмдөгү кемелердин тоскоолдуксуз сүзүүсүнө жол берилет;
18) кемечилик - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын багыжын ташуу, сүйрөтүү, издөөлөрдү жүргүзүү, балык уулоо, курулуш, гидротехникалык, суу астындагы-техникалык жана башка иштерди, куткаруу операцияларын жүргүзүү, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө, суу объекттерин коргоо, аларды булгануудан сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кемелерди пайдалануу менен байланышкан иш;
19) классификация - чакан көлөмдүү кемелерди классификациялоо органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти баалоонун түрү;
20) Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту (мындан ары - суу транспорту) - жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн, ошондой эле оюн-зоок жана сейилдөө максаттарында (кемелер жана чакан кемелер) колдонулуучу транспорттун түрү;
21) Кыргыз Республикасынын суу жолдору (мындан ары - суу жолдору) - навиягациялык белгилер менен белгиленген жана кемечилик максатында колдонулуучу табигый же жасалма түзүлгөн жол каттамдары;
22) лоция - бул кеме айдоочулуктун навигациялык коркунучтары, суу жолдорунун навигациялык жабдууларынын каражаттары изилденүүчү бөлүмү, анын предмети болуп кемечилик муктаждыктарына карата суу жолдорун изилдөө саналат;
23) мамлекеттик кеме реестри - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык кемелер, сүзүүчү каражаттар, сүзүүчү объекттер жана аларга карата укуктар катталуучу документ;
24) мамлекеттик контролдоочу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, суу транспорту чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
25) навигация - суу жолдору кемечилик, ар кандай кемелерди жана сүзүүчү каражаттарды эксплуатациялоо үчүн ачык жана коопсуз болгон убакыт;
26) навигациялык жабдуулар - коопсуз кемечиликти камсыз кылууга, кеменин жайгашкан жерин аныктоого, ошондой эле анын кыймылын контролдоого арналган атайын сигналдык жана техникалык каражаттардын жана аспаптардын системасы;
27) порт - жер участогунда жана суу жолдорунун акваториясында жайгашкан жүргүнчүлөрдү жана кемелерди тейлөө, жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, кабыл алуу, сактоо жана берүү, транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенүү максатында шарт түзүлгөн жана жабдылган курулмалардын комплекси;
28) порттун акваториясы - кемелердин причалдарга келүүсү жана токтоп туруусу жана кемелер менен составдар жүк даярдалуусун же рейске жөнөтүү күткөн, ошондой эле керектүү операциялар аткарылган рейддерди уюштуруу үчүн кызмат кылган суу бетинин чектелген бөлүгү;
29) рейд - бул кемелердин якордук токтоп туруусу, маневр жасоосу же жүктөрдү кайра жүктөө үчүн арналган, порттун акваториясынын кеменин жүрүү жолунан тышкары бөлүгү;
30) суу велосипеди - сүзүүчү каражаттын корпусунда (корпустарында) отуруу үчүн атайын орундуктарда жайгашкан бир же андан көп адамды ташуу үчүн арналган, адамдын физикалык күчүн (винтти/винттерди же калак дөңгөлөктү/дөңгөлөктөрдү иштетүү жолу менен) колдонуу менен кыймылга келтирилүүчү сүзүүчү каражат;
31) суу транспортунун объекти - кемечилик жагдайынын навигациялык белгилери менен белгиленген кеменин жүрүү жолун, навигациялык жабдуулардын каражаттар, портторду, пристандарын, жүргүнчү терминалдарын, порттордун тосмо, жээк бекемдөөчү гидротехникалык курулмаларын жана причалдарын, токтотмо-базаларын өзүнө камтыган объект;
32) калкып жүрүүнү объект - кеме болуп саналбаган жана кемеде жүрүү максатында пайдаланылбаган калкып жүрүүчү жасалма курулма, анын ичинде дебаркадер, үй кайыгы, понтон, плот, калкып жүрүүчү көпүрө, калкып жүрүүчү жээк курулмасы ушул сыяктуу жана башка техникалык курулмалар;
33) ташуучу - ташуу келишими боюнча жүктү, жүргүнчүлөрдү жөнөө пунктунан баруу пунктуна жеткирүү милдетин өзүнө алган юридикалык жак же жеке ишкер;
34) токтотууга коюу пункту - кемелерди, плотторду жана башка сүзүүчү каражаттарды оңдоо, техникалык кароо максатында шарт түзүлгөн жана жабдылган жер үстүндөгү суу объектинин жер участогу жана акваториясы;
35) түздөө иштери - дарыянын нугунда дифференцияланып кепилденген тереңдиктерди түзүүгө жана кармоого көмөктөшүүчү же жээктерди суу жеп кетүүдөн сактоочу курулмаларды куруу;
36) суу түптөрүн тазалоо жумуштары - кемечилик үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер;
37) чакан көлөмдүү кемелер - өндүрүштүк балык уулоо, жүктөрдү жана (же) жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүү, сүйрөө, издөө жана башка экскурсиялык, коммерциялык иштерди жүргүзүү үчүн курулгандарды же жабдылгандарды кошпогондо, узундугу 20 метрден ашпаган, бортунда адамдардын уруксат берилген саны 12 адамдан көп эмес кемелер, анын ичинде асма кыймылдаткычтары бар кемелер, суу чаналары, суу скутерлери, гидроциклдер;
38) чакан көлөмдүү кемелерди классификациялоо органы - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин чакан көлөмдүү кемелерин классификациялоо органынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу уюм;
39) чакан көлөмдүү кемелердин токтоосу үчүн база (курулма) - портторду, пристандарды жана кеме токтоочу курулмаларды кошпогондо, туризмди уюштуруу, балык уулоо, адамдарды акваториянын жээк тилкесинде олтургузуп сүзүү, суулардан куткаруу, кемелердин токтоп туруусу, спорт менен машыгуу үчүн түзүлгөн, 10 жана андан ашык чакан көлөмдүү кемелердин токтоп туруусу (сактоо) жана (же) тейлөө үчүн арналган жээк тилкесиндеги жана акваториядагы объекттердин комплекси (объект);
40) чакан көлөмдүү кеменин айдоочусу (мындан ары - кеменин айдоочусу) - чакан көлөмдүү кемени башкаруучу жеке жак;
41) ыйгарым укуктуу орган - суу транспорту чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ишти координациялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
42) эки такттуу кыймылдаткыч - цилиндрлеринин ар биринде иш процесси муунактуу валдын бир айлануусунда, башкача айтканда, поршендин эки жүрүшүндө аткарылуучу ичинен күйүүчү кыймылдаткыч.
4-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү негизги принциптер
Суу транспорту чөйрөсүндөгү иштер төмөнкү негизги принциптерге негизденет:
1) кемечилик коопсуздугунун, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоонун, жаратылышты коргоонун, экологиялык жана транспорттук коопсуздуктун артыкчылыгы;
2) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын жана милдеттеринин бирдейлиги;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тарабынан ташуучуну тандоо эркиндигин камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө баалардын эркин болушун камсыз кылуу.
5-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жана координациялоонун негиздери
1. Суу транспорту чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана координациялоо экономиканын жана калктын кемечиликке, суу жолдору боюнча ташууларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу, кемечиликтин коопсуздугун, экологиялык ченемдерди жана сууну коргоо режимдерин камсыз кылуу, транспорттук жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Суу транспортун мамлекеттик жөнгө салуу жана координациялоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоону жана ишке ашырууну;
- суу транспортунун объекттеринин ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну (чыгарууну);
- суу транспортун экологиялык жана жаратылышты коргоочу башка ченемдерди эске алуу менен өнүктүрүү жана пайдалануу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу транспортунун транспорттук жумуштарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн техникалык ченемдөө жана стандартташтыруу чөйрөсүндөгү техникалык ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигин ырастоону;
- суу транспортунун коопсуз ишин камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, суу коргоо чөлкөмдөрүнүн жана тилкелеринин, балык чарба иштери үчүн санитардык чөлкөмдөрдүн ченемдерин сактоо боюнча талаптарды белгилөөнү;
- кемелердин сүзүү эрежелерин, кеме жүрүүчү кырдаалды камсыз кылууну, навигациялык жабдуу каражаттарын, портторду, пристандарды жана жүргүнчүлөрдүн терминалдарын, чакан көлөмдүү кемелердин токтотмо-базаларын же токтотууга коюу пункттарын эксплуатациялоону;
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдөн жана өзгөчө режимдин сакталышын контролдоодон тышкары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын акваторияларында бардык кемелерди, ошондой эле сүзүүчү каражаттарды жана объекттерди эксплуатациялоого тыюу салууну.
3. Суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу транспорту чөйрөсүндөгү компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суу транспорту чөйрөсүндө:
- суу транспортун жана анын инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыз кылат:
- Суу транспортун өнүктүрүү программасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Ички көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелерин, Чакан көлөмдүү кемелерди алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) пайдалануу эрежелерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык кемелерди убактылуу жана туруктуу негизде Мамлекеттик милдеттүү каттоо (кошо каттоо), кеме реестрин жүргүзүү, ошондой эле кемелердин абалын, алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) жана токтотууга коюу пункттарын эсепке алуу жана техникалык көзөмөлдөө эрежелерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана багажды ташуу эрежелерин бекитет;
- Суу транспортун техникалык эксплуатациялоо, кемелерди оңдоо эрежелерин жана Кемелерди техникалык күбөлөндүрүү, эксплуатациялоо жана аларды классификациялоо жобосун бекитет;
- Көлдүн лоциясы жөнүндө жобону, кемечилик жана ар кандай сүзүүчү каражаттарды пайдаланууга жабык жана тыюу салынган көлдөрдүн суу объекттеринин же акваториясынын бөлүгүнүн тизмегин аныктайт;
- Жээк тилкесин пайдалануу тартибин аныктайт;
- айлана-чөйрөнү коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын белгиленген жерлеринде же бүткүл аймагында Суу объекттеринин жээктерин пайдаланууну чектөө тартибин аныктайт.
7-берене. Суу транспортундагы иштин түрлөрүн лицензиялоо
1. Ишти жүзөгө ашырууда лицензиянын болушун талап кылган иштин түрлөрүнүн тизмеги жана аларды лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялоо-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
2. Лицензиялоо тартибинин сакталышын, анын ичинде лицензиялык талаптардын жана шарттардын сакталышын контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-берене. Суу транспортундагы тарифтер
Жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды ташууга, суу транспортунда кемелерди жана сүзүүчү объекттерди сүйрөөгө тарифтер, ошондой эле суу транспортунун жумуштарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, кемелерден агынды жана саркынды сууларды чыгарууга инфратүзүмдү пайдалануу, күйүүчү-майлоочу материалдарды куюучу стационардык станцияларды пайдалануу үчүн тарифтер суу транспортунун субъекттери тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
2-глава. Суу жолдору
9-берене. Жалпы жоболор
1. Суу жолдору мамлекеттин гана менчигин түзөт. Дарыяларды, көлдөрдү, суу сактагычтарды кемечилик максатында пайдалануу толук же жарым-жартылай тыюу салынган же болбосо алар обочолонгон суу пайдаланууга берилген учурларды кошпогондо, алар жалпы пайдалануудагы суу жолдору болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттин гана менчигинде турган объекттерге киргизилбеген суу жолдорундагы жасалма курулмалар юридикалык же жеке жактардын менчигинде болушу мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын ички көлмөлөрүндө ар кандай кемелердин сүзүү шарттарын камсыз кылуу үчүн суу жолдорунда жайгашкан навигациялык, гидрографиялык жабдууларды жана техникалык каражаттарды эксплуатациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
10-берене. Суу жолдорун күтүү
1. Жол жумуштарын, анын ичинде жалпы пайдалануудагы порттордо рейддерди жүргүзүү жана причалдарга кире бериштерди куруу жана күтүү боюнча жумуштар порттордун, пристандардын, причалдардын, пирстердин, токтотууга коюу пункттарынын жана токтотмо-базалардын ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Жол жумуштарын, порттордун пристандарындагы, причалдарындагы жана токтомо-базаларындагы кире беришиндеги жана навигациялык жабдууларын куруу жана күтүү алар менчигинде же пайдаланууда турган жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Жол жумуштары жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча алар менчигинде жана пайдалануусунда турган жактардык каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
11-берене. Суу жолдорунда курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо
1. Портторду, причалдарды, кемелерге күйүүчү-майлоочу материалдарды куюу, саркынды жана агынды сууларды чыгаруу үчүн кемелерди тейлөө инфратүзүмүн жана суу транспортунун токтомо-базаларын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча маселелер жер, суу мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык жөнгө салынат.
2. Суу жолдорунда жана жээк тилкесинде курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү, суу транспорту чөйрөлөрүндөгү, жарандык коргонуу, маданият жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Суу жолдорундагы курулмалардын ээлери өзүнүн эсебинен навигациялык жарыктарды, белгилерди жана башка жабдууларды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча орнотууга жана кемечилик коопсуздугу максатында алардын үзгүлтүксүз, жыл бою иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.
12-берене. Ички жолдордогу акваторияларды, жээк тилкесин жана жер участокторун пайдалануу
1. Суу жолдорунун же көлмөнүн акваториясынын чегинде кемелердин жана башка сүзүүчү каражаттардын ээлери, суу транспортунун уюмдары жана мекемелери навигация активдүү болгон мезгилде кемечилик коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан жумуштар (капиталдык курулушту кошпогондо, авариялык-калыбына келтирүүчү жана шашылыш жумуштар) үчүн жээк боюндагы туурасы 200 метр жердин жээк тилкесин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ички суу жолдорунун бассейнинин жана суу транспортунун администрациясы жана мамлекеттик контролдоочу орган менен макулдашуу боюнча пайдаланууга укуктуу.
2. Суу транспортунун объекттеринин ээлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик контролдоочу орган, суу ресурстары жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү, кыш мезгилинде кемелердин кыска мөөнөткө токтоп туруусу үчүн жээк тилкесин пайдаланууга;
2) мамлекеттик контролдоочу орган, мамлекеттик картографиялык кызмат, жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары менен макулдашуу боюнча жээк тилкесинде навигациялык жабдуулардын жээктеги каражаттарын орнотууга.
Убактылуу иштер (активдүү навигацияны) жүргүзүү үчүн ички суу жолдорунун жээк тилкесин пайдаланган адамдар алар аяктагандан кийин жээк тилкесин тазалоого жана аны көрктөндүрүүгө милдеттүү.
3. Навигациялык жабдууну жээктеги каражаттарынын көрүнүп туруусун камсыз кылуу үчүн аларды орнотуу Кыргыз Республикасынын токой, суу, экологиялык жана жер мыйзамдарында белгиленген тартипте жээк тилкесинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Навигациялык жарыктарды кошпогондо, кеме жолдору тарапка багытталган кандайдыр-бир жарыктарды жээк тилкесине орнотууга тыюу салынат.
5. Эгерде чарбалык же башка иштер кемечилик коопсуздугун жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга туура келбесе, жээк тилкесин мындай ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
6. Жээк тилкесин пайдалануу укугу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, ошондой эле корук аймактарына кирген акваторияларга жана жээктеги жер участокторуна, ошондой эле мелиоративдик курулмалар жайгашкан жер участокторуна, автомобиль жана темир жолдорго бөлүнгөн тилкелерге, атайын курулмалар менен бекемделген жер участокторуна жайылтылбайт.
7. Көлдөрдүн, көлмөлөрдүн жана жээк тилкесинин акваторияларында аларды тикелей багыты боюнча пайдаланууга кыйынчылык жараткан кароосуз кемелерди, курулмаларды калтырууга тыюу салынат.
8. Кемелердин токтотууга коюу, токтомо-базалары, оңдоо үчүн арналган жээк тилкеси жана жанаша жайгашкан акваториянын участогу мамлекеттик контролдоочу органдын жана ички суу жолдорунун бассейнинин жана суу транспортунун администрациясынын түздөн-түз көзөмөлүндө жана контролунда турат.
9. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кемечиликти камсыз кылуу жана бул максаттар үчүн курулуштарды жана курулмаларды тургузуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жээк тилкесин пайдаланууга;
2) ички суу жолдорунун жээк тилкесине навигациялык жабдуулардын каражаттарын орнотууга.
13-берене. Суу жолдорунда талаптагыдай эмес иш-аракеттерден келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Суу транспортунун ээсине таандык болгон жана кеме жүрүүчү жолдордун, пирстердин, причалдардын башка объекттердин навигациялык жабдуулардын каражаттарын бузган же жок кылган жеке же юридикалык жак келтирген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык толтурууга тийиш.
3-глава. Кеме
14-берене. Кемени идентификациялоо
1. Кемелердин реестринде же кеме китебинде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон ар бир кеменин өзүнүн аталышы, каттоо пункту, каттоо номери болууга тийиш. Кемеге аталышты анын менчик ээси ыйгарат.
2. Кемени мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган ага борт номерин ыйгарат.
3. Кеменин аталышы жана борт номери кеменин тумшук бөлүгүнүн эки бортуна тең, үстүңкү бөлүгүнүн алдыңкы капталына же башкаруучу бөлүгүнүн канаттарына жана арткы бөлүгүнө жазылат.
4. Бардык кемелерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу зарыл болгон кеме документтери болууга тийиш.
5. Кемени идентификациялоо транспорт мыйзамдарына, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген техникалык регламенттерге, эл аралык стандарттарга жана колдонмолорго ылайык мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
15-берене. Кемелерге менчик укугу
1. Кемелер мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик формаларында туруктуу же убактылуу негизде болушу мүмкүн.
2. Кемеге менчик укугу кемелердин реестринде мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып пайда болот.
3. Менчик ээси кемени башка жакка келишим боюнча же ишеним кат боюнча өткөрүп берүүгө укуктуу.
4-глава. Кеме экипажы
16-берене. Кеме экипажынын курамы
1. Кеме экипажынын курамына кеменин командалык курамынын адамдары, ал эми жүргүнчүлөр кемесинин экипажынын курамына - кеме жүргүнчүлөрүн тейлеген кызматкерлер да кирет.
2. Кеменин командалык курамына кеме капитаны, жардамчылары, механик, электр механиктери, механиктердин жана электр механиктеринин жардамчылары, радио адистер кирет.
17-берене. Кеме экипажынын мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар
1. Кеменин командалык курамына кирген кызмат ордуна дайындоо үчүн кеме айдоочусунун диплому, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелерди, катерлерди, моторлуу кайыктарды жана алардын механизмдерин башкаруу укугуна болгон тиешелүү документтери, ошондой эле чакан көлөмдүү кемелерди башкаруу укугуна ырастамасы бар адамдарга уруксат берилет.
2. Кеме экипажынын курамына кирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кеме капитанынын кызмат ордуна дайындала алышпайт.
3. Кеме капитандыгына жыйырма беш жаштан жаш эмес жана алтымыш үч жаштан улуу эмес Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.
4. Кеме капитанына кемени башкаруу, анын ичинде кеме айдоо, кеменин сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, кемедеги тартипти сактоо, кемеге, кемедеги адамдарга жана жүккө зыян келтирүүнүн алдын алуу жүктөлөт.
5. Кеме капитанынын, экипаж мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери ыйгарым укуктуу орган бекиткен Суу транспортунун кемелериндеги кызматтын уставы менен жөнгө салынат.
6. Жүргүнчүлөр кемесинин экипажынын курамына кирген адамдарда суу-куткаруу иштери боюнча даярдыкка жана суудан куткаруунун тастыктамасы милдеттүү түрдө болууга тийиш.
5-глава. Кемечилик коопсуздугу
18-берене. Кемечилик коопсуздугу боюнча жалпы жоболор
1. Кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу максатында кеме ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кемелерди коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамды (кеменин капитаны) дайындоого;
- кемелерди коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга;
- кемелердин экипаждарынын мүчөлөрүнүн, кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу, суу-куткаруу иштери жаатындагы башка кызматкерлердин көндүмдөрүн дайыма жакшыртууга;
- кемелердин экипаждарын комплекттөөнү камсыз кылууга жана бул кемелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген техникалык абалда кармоого.
2. Кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын бузгандыгы үчүн кеме ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Кеме ээсинин милдети кемени сүзүүгө даярдоо болуп саналат.
4. Эгерде кеме экипаж менен комплекттелген болсо жана кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаратылышты коргоо, санитардык, өрткө каршы жана башка талаптарына ылайык келсе, кеме кароодон өтсө жана мамлекеттик контролдоочу органдан кемечилик укук алса, кеме сүзүүгө жарактуу деп эсептелет.
19-берене. Техникалык көзөмөл жана кемелерди классификациялоо
Жүгүртүүгө чыгарылган кемелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген орган тарабынан техникалык көзөмөлдөнүүгө жана классификацияланууга тийиш.
20-берене. Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда кемечилик коопсуздугун мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)
1. Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде кемечилик коопсуздугун мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кемечилик коопсуздугу жана кемени айдоо лоциянын болушу, адамдын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган уюштуруу жана техникалык иш-чаралардын комплексинин аткарылышы, навигациялык жабдууларды, жээктеги объекттерди, курулмаларды жана кемелерди техникалык жактан жарактуу абалда күтүү, ошондой эле авариялык абалдагы кемелер менен байланыш түзүү менен камсыз кылынат.
3. Оңдоо иштерин жүргүзүү, кемелерди модернизациялоо, аларды утилдештирүү мамлекеттик контролдоочу орган менен макулдашуу боюнча техникалык жөнгө салынууга жана стандартташтырылууга тийиш.
21-берене. Кемечилик коопсуздугу, кемелерди, портторду, причалдарды, сүзүүчү объекттерди жана алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) коопсуз эксплуатациялоо
Кемечилик коопсуздугу, ошондой эле кемелерди, портторду, причалдарды жана алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) коопсуз эксплуатациялоо кеме ээлери, кеме айдоочулар жана эксплуатациялоочулар тарабынан камсыз кылынат.
22-берене. Кемелерди жана кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) техникалык күбөлөндүрүү
Кемелерди, сүзүүчү объекттерди, чакан көлөмдүү кемелерди, суу мотоциклдерин, велосипеддерди жана кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) техникалык күбөлөндүрүү мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Техникалык күбөлөндүрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарына ылайык аныкталат.
23-берене. Экологиялык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу
1. Кеме ээси, кеме айдоочу, кемелердин токтоп туруусу үчүн базаны (курулманын) эксплуатациялоочу кемелерди эксплуатациялоодо кемечиликтин экологиялык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылууга жана сактоого, кемелерден жана базалардан (курулмалардан) суу бетинин ар кандай булганышына жана кирге толушуна жол бербөөгө милдеттүү.
2. Кемелердин кемечиликтеги экологиялык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана сактоо жана бул кемелерди жана алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) эксплуатациялоо боюнча кеме ээлерине, кеме айдоочуларына, алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) эксплуатациялоочуларга карата талаптар Кыргыз Республикасынын экологиялык жана санитардык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда кемелердин жана алардын токтоп туруусу үчүн базалардын (курулмалардын) эксплуатациялык абалы боюнча талаптары менен белгиленет.
24-берене. Мамлекеттик экологиялык жана санитардык көзөмөл
1. Кеме ээси кемелердин кемечиликтеги экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, кемелерден суу чөйрөсүн чарбалык-тиричилик суулар жана калдыктар, мунай, мунай азыктары жана адамдардын ден соолугу жана жаныбарлар дүйнөсүнүн жашоосу, көлмөлөр үчүн зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөөгө милдеттүү. Кемелер үчүн адистештирилген инфратүзүмду тиешелүү техникалык каражаттар менен жабдуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык кемелердин ээлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чарбалык-тиричилик жана мунай камтыган сууларды жана калдыктарды кабыл алуу, кайра иштетүү жана тазалоо боюнча, ошондой эле кемелерден мунай азыктарын авариялык төгүлгөн учурда аларды суу үстүнөн чогултуу боюнча жабдуулар, түзүлүштөр жок болгондо кеменин ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адистештирилген уюмдар менен бул иштерди аткарууга келишим түзөт. Бул ченемдерди бузгандыгы үчүн кеме ээси жоопкерчилик тартат, мында мамлекеттик контролдоо органы кеме документтерин алып коюу менен кемени эксплуатациялоону токтотот.
2. Транспорт ишин жүзөгө ашырууда кеме ээлеринин Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу жаатындагы мыйзамдарын сактоосу үчүн мамлекеттик экологиялык жана санитардык көзөмөлдөө мамлекеттик экологиялык жана санитардык көзөмөлдү жүзөгө ашырган органдар жана мекемелер тарабынан жүргүзүлөт.
25-берене. Кемелерди, алардын токтоп туруусу үчүн базаны (курулманы) эксплуатациялоого тыюу салуу
1. Кемени эксплуатациялоого төмөнкү учурларда тыюу салынат:
- ал кемелердин эксплуатациялык абалына карата талаптарга шайкеш келбесе жана техникалык күбөлөндүрүүдөн өтпөсө;
- эгерде ал белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон жана классификациялоодон жана (же) ЕАЭБ 026/2012 "Чакан көлөмдүү кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине техникалык күбөлөндүрүүдөн өтпөсө;
- чарбалык-тиричилик жана мунай камтыган сууларды жана калдыктарды, ошондой эле кемелерден авариялык төгүлгөн ар кандай мунай азыктарын кабыл алуу, кайра иштетүү жана тазалоо боюнча жабдууларды, түзүлүштөрдү пайдаланууга келишим жок болсо.
2. Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаны (курулманы) эксплуатациялоого төмөнкү учурларда тыюу салынат:
- эгерде ал белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө;
- ал Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда кемелердин токтоп туруусу үчүн базалардын (курулмалардын) эксплуатациялык абалына карата талаптарга шайкеш келбесе;
- эгерде анын техникалык абалы кемечилик коопсуздугуна, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирсе.
26-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү камсыздандыруу
Жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн коммерциялык ташуулар үчүн пайдаланылуучу суу транспорту менен ташууда өмүргө, ден соолукка жана мүлккө келтирилген зыян үчүн ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, ошондой эле үчүнчү жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.
27-берене. Кемеден мунай камтылган же башка заттар менен булгануудан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
1. Кеме ээси кемеден мунай камтыган жана башка заттар менен булгануудан келтирилген зыян үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарга, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Айлана-чөйрөнү булгоонун натыйжасында ага келтирилген зыяндын ордун толтуруу жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
28-берене. Адамдарды, кемелерди жана башка мүлктү куткаруу
1. Кемедеги адамдарды куткарууну кеме капитаны уюштурат.
2. Кандай болбосун кеме авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүүгө тартылышы мүмкүн.
3. Кеме ээлери порттордун жана токтомо-базалардын жетекчилери менен адамдарды, кемелерди жана башка мүлктү куткаруу тууралуу келишим түзүүгө милдеттүү.
29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |