Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/6
Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Б. Сламовдун сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Респуликасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Шолохов көчөсү Абдиев Төлөбек Зайнидинович атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Т.Абдиев атындагы көчөнүн турак жайларына катар номерин, көчөнүн атын жаздыруу, жарыктандыруу жана кум шагыл төгүп ирээтке келтирүүнү Абдиев Толобектин баласы Улукка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |