Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/7
Кочкор айыл аймагына муниципалдык техсервис ишканасын ачуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагына МТС (муниципалдык техсервис) ишканасын ачуу планы боюнча жазган долбоору «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондусуна жактырылып өтүп калса өздүк салым карап берүү жөнүндөгү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Омошевдин сунушун талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагына МТС (муниципалдык техсервис) ишканасы уюштурулсун.
2. Бул ишти мыйзам чегинде аткаруу менен тиешелүү документтерди толуктоо боюнча иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |