Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/9
Теңдик айылына ФАП салуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Теңдик айылына ФАП салуу боюнча жазган долбоору “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусуна жактырылып өтүп калса өздүк салым карап берүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. М. Исраиловдун сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагынын Теңдик айылына ФАП салууга макулдук берилсин.
2. Кочкор айыл аймагынын Теңдик айылына ФАП салууга жазган долбоору “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусуна жактырылып өтүп калса өздүк салым катары акча каражаты каралып берилсин.
3. Бул ишти мыйзам чегинде аткаруу менен тиешелүү документтерди толуктоо боюнча иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |