Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/10
Кочкор «Таза суу» муниципалдык ишканасына спец техника алуу жөнүндө
Кочкор айылынын «Кочкор Таза Суу» муниципалдык ишканасынын спец техника (эксковатор) алуу үчүн жазган долбоору «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондусуна жактырылып өтүп калса өздүк салым карап берүү жөнүндөгү Кочкор «Таза суу» муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Батталовдун сунушун угуп, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор «Таза суу» муниципалдык ишканасынын спец техника (эксковатор) алуу үчүн жазган долбоору «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондусуна жактырылып калса өздүк салым каралып берилсин.
2. Бул долбоорду мыйзам чегинде аткаруу менен тиешелүү документтерди толуктоо боюнча иш алып баруу «Кочкор Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директору Н.Батталовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |