Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/11
Кочкор айылынын башкы планы жөнүндө
Кочкор айылынын башкы планын даярдоодо республикалык бюджеттен акча каражат каралып жаткандыктан биринчи кезекте топосьемка иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат карап берүү боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. М. Исраиловдун сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын башкы планын даярдоодо республикалык бюджеттен акча каражат каралып жаткандыктан биринчи кезекте топосьемка иштерин жүргүзүү үчүн 4463748 (төрт миллион төрт жүз алтымыш үч миң жети жүз кырк сегиз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул ишти мыйзам чегинде аткаруу менен тиешелүү документтерди толуктоо боюнча иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |