Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/12
Кочкор айылынын С.Орозбаков жана И.Өмүров көчөлөрүнүн кесилиштерине «автоунаны токтотуп стоянка катары пайдаланууга тыюу салынат деген» жол белгилерин койдуруу жөнүндө
Кочкор айылынын борбордук көчөсү С. Орозбаков жана И.Өмүров көчөлөрүнүн кесилиштерине «автоунаны токтотуп стоянка катары пайдаланууга тыюу салынат деген» жол белгисин койдуруу максатта Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. М. Исраиловдун сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын борбордук көчөсү С. Орозбаков жана И.Өмүров көчөлөрүнүн кесилиштерине «автоунаны токтотуп стоянка катары пайдаланууга тыюу салынат деген» жол белгисин койдурууга макулдук берилсин.
2. Бул ишти мыйзам чегинде аткаруу боюнча иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |