Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/14
«Кочкор Таза Суу» муниципалдык ишканасына Теңдик айылындагы суу түтүктөрүн оңдоо жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Тендик айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда суу түтүктөрүн оңдоо жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн имаратын куруу үчүн каралган акча каражатынын эсебинен 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом өзгөртүлүп берилсин.
2. Бул ишти мыйзам чегинде аткаруу менен иш алып баруу «Кочкор Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директору Н.Батталовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |