Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 3
Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Жаныбек уулу Аваз жана Мурзалиева Бусапар Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| А.Осмоналиев |