Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 токтомуна) |
Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартиби (мындан ары - Тартип) жеке мобилдүүлүк каражаттарын убактылуу пайдаланууга киреге жана ижарага берүү кызматтарын акысына көрсөтүү боюнча юридикалык жана жеке жактардын ишин жүзөгө ашырууга коюлуучу талаптарды, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мындай жактардын ишин жөнгө салуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жеке мобилдүүлүк каражаты - кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсү үчүн арналган бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты, ага электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр кирет жана алар муну менен гана чектелбейт;
жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу - атайын мобилдүү тиркемеде катталган жана жекече жүрүүсү үчүн кыска мөөнөткө пайдаланууга акысына берилген жеке мобилдүүлүк каражатын башкаруучу жак;
жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү - жекече жүрүүсү үчүн кыска мөөнөттүү мезгилге пайдаланууга (киреге/ижарага берүү жөнүндө келишимдин негизинде) акысына жеке мобилдүүлүк каражаттарын мобилдик тиркеме аркылуу берүү;
жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү кызматтарын көрсөтүүчү жак (мындан ары - ижарага берүүчү) - мобилдик тиркемени пайдалануу менен жеке жүрүүсү үчүн убактылуу пайдаланууга жеке мобилдүүлүк каражаттарын акысына берүү боюнча ишкердик ишин жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;
жеке мобилдүүлүк каражаттарын берүү шарттары - ижарага берүүчү тарабынан аныкталган жана тараптардын (пайдалануучунун жана ижарага берүүчүнүн) укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин, киренин/ижаранын тарифтерин жана баасын, жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучунун купуялуулук саясатын жана анын жеке маалыматтарын иштетүүнү, ошондой эле компаниянын ички саясатында каралган башка шарттарды аныктаган эрежелер;
мобилдик тиркеме - мобилдик түзүлүштөрдө орнотулган жана аларды пайдалануу шарттарына ылайык жекече жүрүүсү үчүн кыска мөөнөттүү мезгилде акысына жеке мобилдүүлүк каражатын пайдаланууга мүмкүндүк берген программалык камсыз кылуу.
2-глава. Мобилдик тиркемеге жана жеке мобилдүүлүк каражаттарына талаптар
3. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча ижарага берүүчүнүн иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө тийиш.
4. Ижарага берүүчү менен жеке мобилдүүлүк каражатын пайдалануучунун ортосундагы мамилелер ачык оферта аркылуу түзүлгөн киреге/ижарага берүү келишими менен жөнгө салынат.
Келишимдин шарттарында жеке мобилдүүлүк каражатын пайдалануучунун укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги, ижарага берүүчүнүн укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги, пайдалануучунун купуялуулук саясаты жана жеке маалыматтарды иштетүү, тарифтер, кызмат көрсөтүүнүн баасын аныктоо тартиби жана киреге/ижарага берүүнүн башка шарттары аныкталат.
5. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүүчүлөр пайдалануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жеке мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын пайдалануудагы мыйзамдарына ылайык жарандык жоопкерчиликти жана зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу болууну көздөгөн адамды каттоону, убактысын жана пайдалануу узактыгын, жүрүүнү баштоо жана аяктоо ордун, ошондой эле киреге/ижарага берүү кызматтарына акы төлөөнү камсыз кылган мобилдик тиркеме аркылуу жүзөгө ашырылат.
7. Мобилдик тиркемеде каттоодо ижарага берүүчү жеке мобилдүүлүк каражатын пайдаланууга ниеттенген адамдын макулдугу менен гана жеке маалыматтарды иштетет. Бул учурда ижарага берүүчү жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу болууга ниеттенген адамдын инсандыгын ырастаган документтерди (паспортту же башка электрондук форматтагы документтерди) киргизүү талабын коюусу мүмкүн.
8. Ижарага берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке мобилдүүлүк каражатын пайдалануучунун жеке маалыматтарын коргоону жана жеке мобилдүүлүк каражатын пайдалануучу жөнүндө маалыматтын купуялуулугун камсыз кылат.
9. Жеке мобилдүүлүк каражаттары төмөнкү элементтер менен жабдылууга тийиш:
- каттоо номери;
- чырак;
- арткы стоп-чырак;
- алдынкы жарык чагылдыргычтар;
- каптал жарык чагылдыргычтар;
- ылдамдыкты 25 км/саатка чейин чектөөчү.
10. Жеке мобилдүүлүк каражаттары алардын бузулбашын жана коопсуздугун сактоо максатында үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жана оңдоо аркылуу камсыздалган талаптагыдай техникалык абалда болууга тийиш.
3-глава. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
11. Мобилдик тиркемеде каттоо учурунда ижарага берүүчү жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу болууга ниеттенген адамды мобилдик тиркеме аркылуу төмөнкүлөр менен тааныштырууну камсыз кылууга милдеттүү:
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу учурундагы коопсуздук техникасы;
- компаниянын ички саясатында каралган жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу эрежелери.
12. Ижарага берүүчү ар бир сапардын алдында жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучуларды мобилдүү тиркеме аркылуу төмөнкүлөр жөнүндө маалымдоону камсыз кылууга милдеттүү:
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/арендага берүү кызматтарынын баасы жөнүндө;
- коопсуздук техникасы, анын ичинде компаниянын ички саясатында каралган жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу эрежелери жөнүндө.
13. Ижарага берүүчү туруктуу негизде төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон элементтер менен жабдууну;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарынын талаптагыдай техникалык абалда болуусун, үзгүлтүксүз тейлөөнү жана оңдоону;
- экологиялык, санитардык талаптарды сактоону, анын ичинде жеке мобилдүүлүк каражаттарын үзгүлтүксүз дезинфекциялоону;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучулардын жеке маалыматтарын коргоону;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү кызматтарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн бекитилген атайын бөлүнгөн жерлерде гана көрсөтүүнү;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аймакты жакшыртууну жана талаптагыдай абалда күтүүнү;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүнөн тышкары жалпы пайдалануудагы аймакта калтырылган учурда дароо алып кетүүнү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгилеген ченемдерди сактоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык жоопкерчиликти жана зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти камсыз кылууну;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучуларга техникалык колдоо көрсөтүү кызматтарынын ишин.
14. Ижарага берүүчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүүнүн шарттарын белгилөөгө;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүүнүн тарифтерин, тарифтерди өзгөртүүнүн шарттарын белгилөөгө;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү кызматтарынын наркын аныктоо системасын белгилөөгө;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн акы алууга;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын кечиктирип кайтарганы же бузганы үчүн кошумча төлөмдөрдү алууга;
- белгилүү бир категориядагы адамдар, белгилүү бир зоналарда же белгилүү бир маршруттарда жеке мобилдүүлүк каражаттарын туруктуу негизде пайдалануунун чектөөлөрүн орнотууга;
- өз демилгеси боюнча жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусу боюнча, аба ырайынын шарттары өзгөргөндө, форс-мажордук кырдаалдар келип чыкканда, массалык иш-чаралар өткөрүлгөндө ж.б. жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланууга (зоналарда, маршруттарда, жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүнүн жайгашуусуна) убактылуу чектөөлөрдү белгилөөгө;
- пайдалануучулар тарабынан жеке мобилдүүлүк каражаттарын берүү шарттары бузулган учурда өз укуктарын жана кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоого.
4-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ижарага берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуусу
15. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти уюштуруу ижарага берүүчү тарабынан жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде жүзөгө ашырылат.
16. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн муниципалдык жер участокторун берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталган тартипте акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
17. Жеке менчик аймакта жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштырууда, ижарага берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен жайгаштыруу түйүндөрүн макулдашат.
18. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын киреге/ижарага берүү түйүндөрүнүн жайгашкан жерлерин аныктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын суроо-талабы боюнча архитектура жана курулуш органдарынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан шаар куруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Коомдук тартипти, коопсуздукту, жол кыймылынын эрежелерин, архитектуралык, шаар куруу, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугу талаптарын сактоо максатында жергиликтүү кеңештер киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруунун жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу зоналарын, анын ичинде аларды пайдалануу маршруттарын жана убактысын белгилөөнүн тартибине тийиштүү конкреттүү ченемдерди киргизүүгө укуктуу.
20. Жалпы пайдалануудагы аймактарда жеке мобилдүүлүк каражаттарын калтырбоо максатында ижарага берүүчү жеке мобилдүүлүк каражаттарынын кыймылына анын ичинде автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мониторинг жүргүзөт.
21. Жалпы пайдалануудагы аймактарда киреге/ижарага берүү түйүндөрүнөн тышкары жеке мобилдүүлүк каражаттарын калтырган учурда ижарага берүүчү жеке мобилдүүлүк каражатын дароо алып кетүүгө тийиш.
22. Жалпы пайдалануудагы аймакта жеке мобилдүүлүк каражаты 3 сааттан ашык калтырылган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жеке мобилдүүлүк каражатын атайын сактоочу жайга жайгаштырууга укуктуу. Ошол эле учурда жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүүчүгө кайтаруу акы төлөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарын өткөрүүнүн, сактоонун жана ижарага берүүчүгө тапшыруунун тартиби жана шарттары жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.
23. Шаардык жана республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөргөнгө чейин кеминде 7 (жети) календардык күн мурда ижарага берүүчүгө жеке мобилдүүлүк каражаттарын жылдыруу зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүшөт.
5-глава. Корутунду жоболор
24. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат.
25. Жеке мобилдүүлүк каражаттары катышкан жол-транспорт кырсыктары болгон учурда ижарага берүүчү бул тууралуу тиешелүү органдарга дароо кабарлоого милдеттүү.
26. Ушул Тартиптин талаптарын бузган учурда ижарага берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
27. Эксплуатациялоо эрежелерин, жол кыймылынын эрежелерин бузуу, үчүнчү жактарга зыян келтирүү учурунда жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.