Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 5
Савай айылдык аймагынын “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 15-ноябрындагы “Савай айылдык аймагынын “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө” № 287 буйругу менен берилген сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация, тиричилик таштандыларын чогултуу, чыгаруу жана утилдештирүү, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу, ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, сугат жерлерге сууну бөлүштүрүү иштерин уюштуруу жана жүргүзүү максатында “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасы түзүү жөнүндө сунуш кабыл алынсын.
2. “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (тиркеме №1).
3. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасын түзүү, областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү, муниципалдык ишканасын иш-аракетин мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округунун кеңешинин төрагасынын орун басары Жаныбек уулу Авазга жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |
Савай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы №5 токтомуна №1 тиркеме
“Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын УСТАВЫ
Ушул устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеп чыгарылган жана Савай айыл ѳкмѳтүнүн «Биримдик Савай» муниципалдык ишканасынын юридикаалык статусун, анын уставында, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.
I.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Савай айыл ѳкмѳтүнүн «Биримдик Савай» муниципалдык ишканасы (мындан нары Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгѳн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мѳѳрү, башка мѳѳрлѳрү, штамптары белгиленген үлгүдѳгү бланктары, ѳздүк эсепке, эсептик жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигинде доочу жана жоопту болуп чыгалат.
Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу: Савай айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн каттоо номери: 2147-3306-М-е, ИУЖК коду: 22341115, ИСН: 00807199610013, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасынын, Ош облусу, Кара-Суу району, кызыл-Шарк айылы, Инакан Исмаилова кѳчѳсү, 53.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Биримдик-Савай» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Биримдик Савай».
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Биримдик Савай» МИ.
Расмий тилде аталышы: МП «Биримдик Савай».
Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-шарк айылы, Инакан Исмаилова кѳчѳсү, 53.
Муниципалдык ишкана ѳзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ɵкмѳтүнүн указдарына жана буйруктарына, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу-органдарынын жана айылдык кеңештик токтомдоруна, буйруктарына жана ушул уставга таянып иш алып барат.
Муниципалдык ишкана ѳзүнүн уюштуруучусу Савай айыл ѳкмѳтүнүн милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпай жана Савай айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтү Муниципалдык ишкананын милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт.
ll. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаттарынын бири болуп: Ɵзүнѳ тийиштүү, аныкталган аймакта ичүүчү таза суу, сугат суу тазалык, кызматтарын кѳрсѳтүү, жайыт пайдалануучулар менен айыл жашоочуларынын жашоосуна жакшы, ыңгайлуу шарттарды түзүү.
2.1.1. Ɵзүнѳ тийиштүү, аныкталган аймакта кыргыз Республикасынын турак-жай кодексинин нормаларын иш жүзүнѳ ашыруу.
2.2. Муниципалдык ишкананын негизги максаттарын иш жүзүнѳ ашырууда, тѳмѳндѳгүдѳй иш-аракеттерди жүргүзѳт;
2.2.1. Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынын, ошондой эле суу чыгаруу жумуштарынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу:
- скважиналарды техникалык жактан тейлѳѳ жана эксплуатациялоо:
- Суу кампанын ичиндеги жашылдандыруу иштерин алып баруу:
- Ичүүчу таза суу менен жабдуу булактарынын болушу жана абалы жѳнүндѳ маалыматтарды, калктын талап кылынган талап кылынган кѳлѳмдѳгү жана сапаттагы ичүүчу суу менен жабдууга болгон керектѳѳлѳрүн канаттандыруунун мүмкүнчүлүктѳрүн, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун ишенимдүүлүгүн эсепке алуу жана баа берет:
- ичүүчү суунун коопсуздугунжана зыянсыздыгын, анан стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун камсыз кылат:
- суу түтүктѳрү канализациялык тармактардын, суу алынуучу чорголордун жана алардын балансында турган башка курулуштардын абалына жана пайдаланышына такай кѳзѳмѳлдүк жүргүзүүнү жузого ашырат:
- ичүүчү суунун коромжолугуна каршы план ченемдүү күрѳш жүргүзүшѳт, сырткы тармактардагы суулардын коромжу агууларын айкындашат, абоненттердин ички тармактарында суунун коромжулуктарына контролдукту жүзѳгѳ ашырышат, ичүүчү сууну берүүнүн тарифтеринин сакталышын, булганыч сууларды агызып чыгаруунун жана булгоочу заттарды чыгаруунун ченемдиктерин контролдошот:
- абоненттердин суу ченѳѳчү приборлору (суу ченегичтери) жок суу керектѳѳчүлѳрүнүн курамын, санын текшерүүлѳрдү жүргүзүшѳт.
2.2.2. Айыл-чарба багытындагы жерлерди сугат суулар менен камсыз кылуу:
аймактын айыл-чарба жана башка тармактагы маселелерди чечүүдѳ, техника шаймандары менен камсыз кылуу:
2.2.3. Ɵзүнѳ тийиштүү, аныкталган аймактан чыккан таштандыларды тазалоо:
--- жайыт, жайлоо маселелерин чечүү:
--- жайыт пайдалануучулардан тѳлѳм жыйноо.
--- кызмат кѳрсѳтүү үчүн ижарага алуучулар жана киши жашабаган жай ээлери менен келишим түзүү.
--- жайыттын инфраструктурасы менен байланышкан кѳйгѳйлѳрдү табат жана жайыттын инфраструктурасын реабилитациялоого багытталган чакан долбоордук сунуштарды жергиликтүү коомдоштуктун мүчѳлѳрүнѳн суратып алат жана аларды карап чыгат:
- Кѳп жылдык, табигый чѳптѳрд󠄩үн үрѳѳнүн ѳндүрүп, жайыттардын курдулугун кѳтѳрѳт жана үрѳѳнчүлүк фонддорду негиздейт:
- Жайыт башкаруу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ѳткѳрүп берген ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
2.2.4. Турак-жай кызматын кѳрсѳтүүчүлѳр жана керектѳѳчүлѳр менен келишим түзүү, алардын кѳлѳмүн эсебин аныктоо, кѳрсѳтүлгѳн кызматтардын сапаттуулугун кѳзѳмѳлдѳѳ, келишимдин шарттарын бузган учурда кызмат кѳрсѳтүүчүлѳргѳ жана анын керектѳѳчүлѳрүнѳ тийиштүү чараларды кѳрүү.
- үй ичиндеги инженердик коммуникацияларды тейлѳѳ кызматын кѳрсѳтүү үчүн, менчиликтүүлүк укугун тастыктаган документтердин негизинде, менчик – үй ээлери менен келишим түзүү.
- турак-жай кызматынын керектѳѳчүлѳрүнѳн тѳлѳм жыйноо.
- турай-жай кызматынын керектѳѳчүлѳрүнүн карыздарын соттук тиртипте ѳндүрүү.
- ѳзүнѳ тийиштүү, аныкталган аймакты үй-ээлерин каттоого алуу жана алардын эсебин жүргүзүү.
- ѳндүрүштү ѳнүктүрүү жана материалдык сый (дем берип кызыктыруу) фондун уюштуруу.
2.2.5. Коротулган кызматтардын туура колдонулушун жана аларга колдонулган тарифтерин кѳзѳмѳлдѳѳ.
2.2.6. Антимонополиялык комитет аркылуу кѳрсѳтүлүп жаткан кызматтардын бааларын жана тарифтерди орнотуу.
lll. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УКУГУ
3.1. Муниципалдык ишкана ѳз ишмердүүлүгүн аткарууда тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:
Ø Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, контракттарды түзүү, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тосколдук кылбаган юридикалык иш-аракеттерди жүргүзүү;
Ø Каржы операцияларын жүргүүзү, ѳз алдынча ѳз карамагында мүлктѳрдү жана акча каражаттарды колдонуу;
Ø Ижарага мүлктѳрдү жана имараттарды алуу;
Ø Ɵзүнүн жүгүртмѳ каражаттарына ээ болуу;
Ø Юридикалык жана физикалык жактардын акысыз жана акылуу кызматтарын кѳрсѳтүү;
Ø Ɵндүрүштү ѳнүктүрүү жана материалдык сый (дем берип кызыктыруу) фондун уюштуруу;
Ø Ɵз алдынча ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана келечектеги ѳнүгүүсүн аныктоо;
Ø Муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келген жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү.
3.2. Муниципалдык ишкана банктардан эсептик, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу. Ɵз алдынча чарба маселелери боюнча чечим алууга, мекеме жана уюмдар ортосундагы түзүлгѳн келишимдеги бааларды аныктоого жана түшкѳн пайдаларды бѳлүштүрүүгѳ укуктуу.
3.3. Кредиттик уюмдардан насыя (лизинг) алууга укуктуу;
3.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Муниципалдык ишкана ѳзүнүн милдеттенмелерине, ѳзүнүн менчик мүлктѳрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат.
IV. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ
4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ѳз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзѳт, белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзѳт жана анын тактыгына жоопкерчилик алат.
4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Савай айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан кѳзѳмѳлгѳ алынат.
4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы мүлктѳрдү эсептен чыгаруу жана жараксыз деп табуу уюштуруучунун чечими менен белгиленген тартипте гана жүргүзүлѳт.
V. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ
5.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органдары болуп, анын уюштуруучусу – Савай айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтү саналат.
Уюштуруучунун компетенциясын тѳмѳнкү маселелер кирет:
Ø Муниципалдык ишкананын уставын бекитүү;
Ø Муниципалдык ишкананын уставына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү;
Ø Муниципалдык ишкананын жетекчисин жана анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;
Ø Жетекчинин сунушу боюнча, Муниципалдык ишкананын штаттык түзүлмѳсүн бекитүү;
Ø Муниципалдык ишкананын филиалдары жана ѳкүлчүлүктѳрдү түзүү жѳнүндѳ чечим;
Ø Муниципалдык ишкананын башка юридикалыкжактарга катышуусу жана мүчѳ болуп кирүүсү;
Ø Муниципалдык ишкананын кайра түзүү жана жоюу;
Ø Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында кѳрсѳтүлгѳн башка ыйгарымдуу укуктары;
5.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп анын жетекчиси саналат. Муниципалдык ишкананын жетекчиси, Савай айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы тарабынан дайындалып жана бошотулат.
5.3. Муниципалдык ишкананын жетекчисинин орун басарларын, жетекчинин сунушу боюнча, Савай айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы тарабынан дайындалып жана бошотулат.
5.4. Жетекчи ѳзүнѳ берилген укуктардын, жүктѳлгѳн милдеттердин жана функциялардын чегинде Муниципалдык ишкананын иш-аракетин уюштурат жана ага берилген укуктардын жана тапшырылган милдеттердин ѳз убагында сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына анын ичинде отчёттук маалыматтардын тууралыгы, аңчылык-чарбачылык иштин нормаларынын сакталышы жагында тийиштүү аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
5.5. Муниципалдык ишкананын жетекчиси тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу;
Ø Ɵз компотенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
Ø Муниципалдык ишкананын жылдык иш чараларынын, планын бекитүү.
Ø Ишеним каты жок Муниципалдык ишкананы башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда ѳкүлчүлүк кылуу;
Ø Муниципалдык ишкананын атынан келишимдерди, контракттарды түзүү;
Ø Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, ошол эле учурда контрактык негиздегилерди да;
Ø Муниципалдык ишкананын кызматкерлери айлык акысын жана аны тѳлѳѳ формасын аныктоо;
Ø Муниципалдык ишканадан чыккан документтерге биринчи кол коюу укугу;
Ø КРнын мыйзамдарына жана ушул уставга ылайык Муниципалдык ишкананын ишин жетектѳѳ боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
VI. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН МҮЛКҮ
6.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан ѳткѳзүп берилген жана балансында турган менчик жана жүгүртмѳ каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат.
6.2. Муниципалдык ишканага уюштуруучу тарабынан ѳткѳзүп берилген мүлктѳрдү иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230-беренесине ылайык жүргүзүлѳт.
6.3. Муниципалдык ишкананын мүлктѳрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн каржыланган булактар тѳмѳнкүлѳр түзѳт:
Ø Уюштуруучу ѳткѳзүп берген мүлктѳр жана башка каражаттар;
Ø Кѳрсѳтүлгѳн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкѳн пайдалар.
Ø Мамлекеттик, чет-ѳлкѳлүк мекемелер, демѳѳрчү, коомдук, коммерциялык, юридикалык жактар тарабынан материалдык жардам катары түшкѳн мүлктүн тѳлѳм, кайыр-садака кылып берилген акча каражаттар;
Ø Түрдүү иш-чараларды уюштуруудан түшкѳн каражаттар (маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды уюштуруудан, кайрымдуулук акцияларын ѳткѳрүүдѳн, лекция кѳргѳзмѳ аукцион жана башка иш-чараларды ѳткѳрүүдѳн);
Ø Муниципалдык ишкананын чарбачылык ишмердүүлүгүнѳн түшкѳн киреше;
Ø Муниципалдык ишкананын менчигинен алынуучу киреше;
Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелер.
6.4. Муниципалдык ишкана, кѳрсѳтүлгѳн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкѳн кирешелерди, уставда кѳрсѳтүлгѳн маселелерди аткаруу үчүн жана тийиштүү фонддорду түзүү менен ѳз алдынча бѳлүштүрѳ алат.
VII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАМИЛЕСИ
7.1. Муниципалдык ишкананын кызмат адамдарынын, жана ишкананын кызматкерлеринин укук жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Уставда ички ченемдик укуктар, актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.
7.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнѳ кызмат адамдар жана ишкананын кызматкерлери тарабынан зыян келтирилсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контрактын) негизинде материалдык жоопкерчиликти тартат.
7.3. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иш-милдеттери ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет.
VIII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ИШ-АРАКЕТТЕРИН ТОКТОТУУ
8.1. Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кѳрсѳтүлгѳн тартиптердин негизинде жоюлуу жана кайрадан түзүлүү жолу менен жүргүзүлѳт.
8.2. Муниципалдык ишкананын иш-аракетин токтотуу жѳнүндѳгү чечим уюштуруучусу тарабынан кабыл алынат.
8.3. Кредиторлордун талаптары канаттандырылгандан кийинки калган мүлктѳр Муниципалдык ишкананын уставында кѳрсѳтүлгѳн максаттарга жумшалат.
8.4. Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтолушу юридикалык жактардын ишин токтотту деп каттоочу уюмдун тиешелүү чечими кабыл алынган учурдан тартып эсептелет.
8.5. Муниципалдык ишкананын иш алып баруу процессинде пайда болгон документтер, Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жѳнүндѳгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемелерде сакталат.