Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-2
Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы “Тоо гүлдөрү” бала бакчага кошумча тайпа ачуу жана “Тоо гүлдөрү”, “Жаша балалык таңы”, “Бүчүргүл”, “Барчын-А” балдар бакчаларынын 85 баланын тамак-ашына акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы “Тоо гүлдөрү” бала бакчага кошумча тайпа ачуу жана “Тоо гүлдөрү”, “Жаша балалык таңы”, “Бүчүргүл”, “Барчын-А” балдар бакчаларынын 85 баланын тамак-ашына акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы “Тоо гулдөрү” бала бакчага кошумча тайпа ачууга жана “Тоо гүлдөрү”, “Жаша балалык таңы”, “Бүчүргүл”, “Барчын-А” балдар бакчаларынын 85 баланын тамак ашына акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин.
Беш-Буркан айылындагы “Тоо гүлдөрү” бала бакчасына 10 бала
Абшыр-Ата айылындагы “Жаша балалык таңы” бала бакчасына
50 бала
Ынтымак айылындагы “Бүчүргүл” бала бакчасына 15 бала
Арык-Бою айылындагы “Барчын-А” бала бакчасына 10 бала
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча жана бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |