Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-3
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунан түшкөн акча каражатын майрамдар үчүн планга коюп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунан түшкөн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын майрамдар үчүн планга коюп берүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунан түшкөн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын майрамдар үчүн планга коюп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча жана бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссияларына тапшырылсын
Төрага | А.Ажибаев |