Загрузка документа…
.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-4
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу “Абшыр-Ата” толук эмес орто мектебинин ашканасынын курулушуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу “Абшыр-Ата” толук эмес орто мектебинин ашканасынын курулушуна Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын, мектептердин, башка категорияларга таандык кылынбаган эс алуу, спорт, маданият жана дин маселелери жана аппарат (айыл өкмөт кеңсесине) көмүр сатып алуудан үнөмдөлгөн 790 000 (жети жүз токсон миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу “Абшыр-Ата” толук эмес орто мектебинин ашканасынын курулушуна Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын, мектептердин, башка категорияларга таандык кылынбаган эс алуу, спорт, маданият жана дин маселелери жана аппарат (айыл өкмөт кеңсеси) көмүр сатып алуудан үнөмдөлгөн 790 000 (жети жүз токсон миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |