ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 07-марты № 7
Койчу датканын айкелин жана тарыхый комплекс куруу үчүнжер тилкесин“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 01-6/562 сандуу корутундусунун негизинде, жалпы кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик, саясый ишмери жана тажырыйбалуу кол башчыларынын бири болгон Койчу датканын айкелин жана тарыхый комплекс куруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ана-Кызыл айылынын Ак-коо учаскасында Ош-Бишкек жолунун сол тарабындагы № 885 контурдан 0,18 га жайыт, № 888 контурдан 1,77 га жайыт, жалпысынан 1,95 га мамлекеттин менчигиндеги жайыт жер тилкеси, Койчу датканын айкелин жана тарыхый комплекс куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |