Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-5
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна турак-жай жана коммуналдык кызмат бөлүмүнүн 2215 беренесинен 646 000 (алты жүз кырк алты миң) сом, ФК и спорт бөлүмүнүн 3111 беренеде Баглан мини футбол аянтчасын курууга каралган 200 000 (эки жүз миң) сом жалпы 846 000 (сегиз жүз кырк алты миң) сом акча каражатын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесине жылдырып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна турак-жай жана коммуналдык кызмат бөлүмүнүн 2215 беренесинен 646 000 (алты жүз кырк алты миң) сом, ФК и спорт бөлүмүнүн 3111 беренеде Баглан мини футбол аянтчасын курууга каралган 200 000 (эки жүз миң) сом жалпы 846 000 (сегиз жүз кырк алты миң) сом акча каражатын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесине жылдырып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна турак-жай жана коммуналдык кызмат бөлүмүнүн 2215 беренесинен 646 000 (алты жүз кырк алты миң) сом, ФК и спорт бөлүмүнүн 3111 беренеде Баглан мини футбол аянтчасын курууга каралган 200 000 (эки жүз миң) сом жалпы 846 000 (сегиз жүз кырк алты миң) сом акча каражатын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесине жылдырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |