Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-6
Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы амбулатория жана Арык-Тейит айылындагы милициялардын таяныч пунктунун имаратынын курулушуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы амбулатория жана Арык-Тейит айылындагы милициялардын таяныч пунктунун имаратынын курулушуна бөлүнгөн 160 000 сом (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражатын 3111 беренесинен 3112 бернесине жылдырып берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы амбулатория жана Арык-Тейит айылындагы милициялардын таяныч пунктунун имаратынын курулушуна 160 000 сом (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражатын 3111 беренесинен 3112 беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |