Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-7
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу А.Самидинов атындагы маданият үйүнө 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу А.Самидинов атындагы маданият үйүнүн курулушуна экономикалык чыгымдар бөлүмүнүн 2215 беренесинен маданият үйүнүн 3111 беренесине 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу А.Самидинов атындагы маданият үйүнүн курулушуна экономикалык чыгымдар бөлүмүнүн 2215 беренесинен маданият үйүнүн 3111 беренесине 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |