Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 07-марты № 9

 

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

               Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна айыл аймагынан жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 4-мартындагы № 01-9/322 корутундусунун негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Ана-Кызыл айылындагы № 843 контурдан 5,87 га сугат айдоо үлүш жер тилкеси, суу фондусунун жерлеринен 1,55 га жер тилкеси, жалпысынан 7,42 га жер тилкеси Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна которулган 5,87 га сугат айдоо үлүш жер тилкеси, мамлекеттик фондунун сугат айдоо жеринен толуктоо жагы суралсын.

3. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

Б.Мураталиев