Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-8
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын IV кварталында жер салыгынын компенсациянан түшүүчү 766 900 сом (жети жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом акча каражатын планга коюп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы мектептин жанындагы Ходжа-Арык каналынын балдарга кооптуу болгон жердин айланасын тосуу үчүн 134 400 (бир жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом, “Алтын-Муун жеткинчек” балдар бакчасына керектелүүчү инвентарь сатып алуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом, “Жаша балалык таңы” балдар бакчасынын сел алып кеткен ажатканасын куруу үчүн 72 500 (жетимиш эки миң беш жүз) сом жана “Абшыр-Ата” толук эмес орто мектебинин ажатканасын куруу үчүн 520 000 (беш жүз жыйырма миң) сом жалпы жер салыгынын компенсациянан түшкөн 766 900 сом (жети жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы мектептин жанындагы Ходжа-Арык каналынын балдарга кооптуу болгон жердин айланасын тосуу үчүн 134 400 (бир жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом, “Алтын-Муун жеткинчек” балдар бакчасына керектелүүчү инвентарь сатып алуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом, “Жаша балалык таңы” балдар бакчасынын сел алып кеткен ажатканасын куруу үчүн 72 500 (жетимиш эки миң беш жүз) сом жана “Абшыр-Ата” толук эмес орто мектебинин ажатканасын куруу үчүн 520 000 (беш жүз жыйырма миң) сом жалпы жер салыгынын компенсациянан түшкөн 766 900 сом (жети жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом акча каражатын тиркемеге негиз планга коюп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |