Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 11
Төрт-Көл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун, Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн, Төрт-Көл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасына жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюуу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөнрайондук мамлекеттик администрациясына аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |