Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-9
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна жана Осмонова Карамат атындагы “Арык-Тейит Нуру" бала бакчасынын сел алган жерин калыбына келтирүү үчүн жер салыгынын компенсациясынан түшкөн 413 100 сом (төрт жүз он үч миң бир жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна жана Осмонова Карамат атындагы “Арык-Тейит Нуру" бала бакчасынын сел алган жерин калыбына келтирүү үчүн жер салыгынын компенсациясынан түшкөн 413 100 сом (төрт жүз он үч миң бир жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушу үчүн жер салыгынын компенсациясынан түшкөн 193 100 (бир жүз токсон үч миң бир жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Осмонова Карамат атындагы “Арык-Тейит Нуру" бала бакчасынын сел алган жерин калыбына келтирүү үчүн жер салыгынын компенсациясынан түшкөн 220 000 сом (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |