Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-ноябры № 245
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
10-июнундагы № 298 «Фармацевтик уюмдарды текшерүү
тартиби жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Ченемдик укуктук актылардагы айырмачылыктарды жана кайталоолорду жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 298 «Фармацевтик уюмдарды текшерүү тартиби жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 143 (3322) саны менен жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |