Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-10
Арык-Бою айылындагы №315 контурунан 0,50 га жер тилкесин аллея куруу максатында трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Арык-Бою айылындагы №315 контурунан 0,50 га жер тилкесин аллея куруу максатында трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер укуктук маселелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 Мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктунун негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Арык-Бою айылындагы №315 контурунан 0,50 га жер тилкесин аллея куруу максатында трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба , жерге жайгаштыруу , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |