Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 29
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 01-19/410 сааандуу сунуш каты жөнүндө
“Улуу Жибек Жолу” дүң базарынын курулушунун жер тилкелерине жарандарга Жылалды айыл өкмөтү тарабынан берилген токтомдорду күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 01-19/410 сааандуу сунуш катынкарап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүмүнүннегизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аралов Аттокурдун атына берилген Жылалды айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 167токтомун, Чевирткеев Абдрашиттин атына берилген Жылалды айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-июнундагы № 32 токтомун, Сыдыков Шахабидиндин атына берилген Жылалды айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-июнундагы № 45 токтомун, күчүн жоготту деп табууга макулдук берилет.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси, юрист А. Кулмаматовго аталган токтомдорду күчүн жоготту деп табуу боюнча иш аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |