Редакцияот 03.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 176 токтомуна)

 

 

 

“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы

Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен

сыйлоо тартиби жөнүндө

жобо

 

1. “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалын тапшыруу тартибин аныктайт.

2. “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалы (мындан ары – юбилейлик медаль) төмөнкүлөргө тапшырылат:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарындагы күжүрмөн аракеттерге СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында катышкан аскер кызматчыларына жана эркин жалданган курамдагы адамдарга, СССРдин убактылуу оккупацияланган аймактарында Улуу Ата Мекендик согуш (мындан ары – УАМС) мезгилинде аракеттеги партизандарга жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга жана эркин жалданган курамдагы адамдарга;

– Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап кармоочу жайлардын мурдагы туткундарына, анын ичинде жашы жетпегендерге;

– “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйлангандарга;

– УАМС жылдары ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга;

– УАМС жылдары жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз күч колдонуп мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин реабилитацияланган жарандарга.

3. Юбилейлик медаль көкүрөктүн сол жагына тагылат жана “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалынан кийин жайгаштырылат.

4. Юбилейлик медалды тапшыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын коргоо министри же аскер комиссарлары тарабынан юбилейлик медаль менен сыйлануучу жарандардын аскердик каттоо жери жана тизмеси боюнча ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.

Медаль менен кошо сыйлануучуларга ага белгиленген формадагы күбөлүк тапшырылат.

Медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмеси жашаган жери боюнча түзүлөт, ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча аларды түзүүгө жооптуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлат. Сыйлангандардын тизмесинде медалды тапшыруу жөнүндө, медалга күбөлүктүн номерин көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат жана аскер комиссарынын колу менен күбөлөндүрүлөт.

Медаль менен сыйлануучулардын тизмесин түзүү үчүн негиз болуп сыйланууга укугун тастыктоочу төмөнкү документтер эсептелет:

– аскердик-каттоо документи;

– аскер бөлүгүнүн кол башчылыгы же тиешелүү архивдик орган тарабынан берилген аскердик кызматты өтөгөндүгү тууралуу маалымкат;

– УАМС майдандарында алган жаракаттары (контузиясы) жөнүндө маалымкат;

– УАМС майыбынын күбөлүгү;

– УАМС катышуучусунун күбөлүгү;

– УАМС мезгилинде армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрдүн эркин жалданган курамдагы адамдарына берилген жеңилдикке укугу тууралуу күбөлүк.

УАМСтин каза болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө медаль жана анын күбөлүгү берилбейт.

Аскер комиссариаттары медаль менен сыйлоо тууралуу маалыматтарды 2025-жылдын 30-апрелине чейин белгиленген тартипте ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине берет.

5. Аскер комиссариаттары тапшырылбаган медалдарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тапшырат. Сыйлануучу каза болгон учурда медаль каза болгон адамдын жакын тууганынын бирине, алар медалды тапшыруу боюнча ыйгарым укук жүктөлгөн бийлик органдарына жеке кайрылган шартта берилет.

 

“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме

 

 

“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы

Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалы

менен сыйлангандардын

тизмеси

 

________________________________________________________

(аскер комиссариатынын аталышы)

 

№

Аты-жөнү

Туулган жылы

Үй дареги

Сыйлоо үчүн негиз (документтин аталышы жана номери)

Тапшыруу жөнүндө белги, тапшыруу датасы, медалдын күбөлүгүнүн номери

Тапшыруу үчүн жооптуу адамдын колу

Эскертүү (тапшырбоонун себептери жөнүндө белги)

1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аскер комиссары _________________________________________

                          (аскердик наамы, колу, аты-жөнү)

 

М.О.

 

 

“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме

 

 

“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы

Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалы

менен сыйлоо жөнүндө

маалымат

 

_________________________________________________ боюнча

(аскер комиссариаты)

 

1. 20__ ж. ________ _______ чейин _________ адам сыйланды.

2. Отчеттук мезгилде _____________________ медаль тапшырылды.

3. Сыйлангандардан медаль тапшырыла элек ________ адам калды.

 

Аскер комиссары _________________________________________

                      (аскердик наамы, колу, аты-жөнү)

 

М.О.