Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-12
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Т.Кулатов муниципалдык ишканасынын жайыт акысына 227 900 (эки жүз жыйырма жети миң тогуз жүз) сом акча каражатына кошумча план берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Т.Кулатов муниципалдык ишканасынын жайыт акысына 227 900 (эки жүз жыйырма жети миң тогуз жүз) сом акча каражатына кошумча план берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Т.Кулатов муниципалдык ишканасынын жайыт акысына 227 900 (эки жүз жыйырма жети миң тогуз жүз) сом акча каражатына кошумча план берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |