Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы № 23/127

 

Жазы айыл аймагынын жарандарына жер

тилкесин берүү нормасы

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун негизинде Жазы айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуп калган жана каттоого алынбаган турак жайлардын ээлеген аянтын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтунун маалыматын угуп жана талкуулапжазы айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун негизинде Жазы айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуп калган жана каттоого алынбаган турак жайлары 800 м2 ашпаган нормада бекитилип берилсин .

 

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

К.Камчибеков