Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы № 23/128

 

Кызыл-Дыйкан айылына роскол жана

тай казан куруу жөнүндө

 

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевдин Кызыл-Дыйкан айылына элдин талабы боюнча роскол жана тай казан куруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Кызыл-Дыйкан айылынын түндүк чыгыш тарабындагы №908 контурунан 1,80га жер тилкеси тай казан курууга бөлүнүп берилсин.

 

2. Кызыл-Дыйкан айылынын түндүк чыгыш тарабындагы №908 контурунан 0,20га жер тилкеси раскол курууга бөлүнүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

К.Камчибеков