Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги жетинчи сессиясынын
2025-жыл 31-январындагы №7-2
Жергиликтүү бюджеттин калдыктарын иштетүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен калган 9537,6 миң сом, атайын каражат эсебинен 673,3 миң сом калган калдыкты 2024-жылдын сметасында каралып аткарылбай калган чыгымдарга жана башка зарыл чыгымдарга сарптоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Жолдошованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетинин каржыланбай калган калдыкты жана 2024-жылда такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттар жалпы 9537,6 миң сом, атайын каражаттан 673,3 миң сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарды каржылоого бекитилсин.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, каржыланбай калган 3870,6 миң сомду келишимдердин негизинде каржылоо №1 тиркемеге ылайык жумшалсын.
- Өзгөчө кырдаалдар (Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө) үчүн 600,0 миң сом;
- Айылдардагы сел каналдарды казып, оңдоо үчүн 450,0 миң сом;
- Айыл аймагындагы арыктарды тартып, тазалоо үчүн 350,0 миң сом;
- Мундуз айылына жана айылдарга видео көзөмөл орнотуу үчүн 200,0 миң сом;
- А.Матиев атындагы орто мектебине КАСА-1000 долбоору менен курулган музейге айыл өкмөт салымы үчүн 200,0 миң сом;
- К.Төрөмаматов атындагы орто мектебинин ашканасын КАСА-1000 долбоору менен оңдоо үчүн айыл өкмөт салымына 32,0 миң сом;
- Бала бакчаларга видео көзөмөл орнотуу үчүн 308,0 миң сом;
- “Бактылуу наристе” бала бакчасына балдар ойноочу жабдууларды алууга 200,0 миң сом;
- “Бактылуу наристе” бала бакчасынын айланасын тосууга 300,0 миң сом;
- “Балапан” бала бакчасына беседка, селкинчек курууга 220,8 миң сом;
- “Балалык” бала бакчасына идиш-аяк алууга 86,3 миң сом;
- Бала бакчаларга компьютерлерди, принтерлерди алууга 160,0 миң сом;
- К.Төрөмаматов атындагы орто мектебине футболдук стадион куруу үчүн 1200,0 миң сом;
- Талаа-Булак айылынын Оморов көчөсүнө 2 км электр зымдарын алуу үчүн 60,0 миң сом;
- Ак-Баш айылындагы бала бакчанын курулуш иштерине 700,0 миң сом;
- Кызыл-Сенир айылынын таза суу системасынын курулуш иштерине 400,0 миң сом;
- А.Осмонов атындагы орто мектебинин полун алмаштырууга 65,0 миң сом;
- А. Базаров атындагы орто мектебине генератор (движок) алуу үчүн 70,0 миң сом;
- И. Стамкулов атындагы орто мектебине муздаткыч алуу үчүн 35,0 миң сом;
- Жаны-Ачы айылындагы ФАПка жылытуу системасына трубаларды алууга 30,0 миң сом №2 тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Атайын каражат (ата-энелер төлөмү) эсебинен калган 673,3 миң сом акча каражатын ата-энелердин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде бала бакчаларга керектүү чарба товарларын алууга жана керектүү муктаждыктарына жумшалсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |
Кызыл Туу айылдык Кеңешинин
2025-жылдын 31-январындагы
№ 7 сессиясынын №1 тиркемеси
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 1-январь 2025-жылга аткарылбай калган жумуштардын тизмеси
№ | Иш чаралардын аталышы | Аткаруучунун аты-жөнү | Келишим номери, күнү | Сумма (миң сом) | Бөлүмү | Берене |
1 | Мундуз бала бакчасынын ремонт иштерин бүтүрүүгө айыл өкмөт салымы | "СтС- Трейд" ЖчК | 31.12.2024 | 1345,0 | 70911 | 3111 |
2 | Орто-Азия айылына тротуар куруу | ЖчК "Трасса+" | №3 16.01.2025 | 766,6 | 70629 | 3111 |
3 | Мал базар документ иштери үчүн | ЖчК "Талгат Групп" | №286 24.12.2024. | 599,99 | 70629 | 2215 |
4 | Орто-Азия айылына скважина чыгаруу үчун трансформатор алуу | ЖчК "Абду-Амир" | №7 29.01.2025 | 428,0 | 70629 | 3111 |
5 | Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө футбол боюнча лига өткөрүү | ЖчК "Пром склад" | №4 16.01.2025 | 97,8 | 70111 | 2215 |
6 | Мектептерге электро товар алуу | ЖИ Джороев Ринат | №288 25.12.2024 | 49,5 | 70921 | 2221 |
7 | Ак-Ниет бала бакчасына төшөк, матрац алуу | ЖчК " УПП КОС и КОГ" | №298 27.12.2024 | 100,0 | 70911 | 3112 |
8 | Таштак айылында бала бакчанын ПСД үчүн | ЖчК "МК-Проект" | №284 27.12.2023 | 90,3 | 70629 | 2215 |
9 | Археологиялык изилдөө иштери үчүн | ЖИ .Алишер кызы Салтанат | №260 10.12.2024 | 44,0 | 70629 | 2215 |
10 | Мундуз айылына тротуар куруу үчүн | ОсОО"Бетельгейзе" | №145 24.10.2022 | 117,2 | 70629 | 3111 |
11 | Көз карандысыз баалоочунун кызматы | ЖИ Досов Эмилбек | №2 16.01.2025 | 39,5 | 70629 | 2215 |
12 | Ак-Ниет бала бакчасынын ремонт иштери үчүн | ЖчК О"Гагарин" | № | 28,3 | 70911 | 2221 |
13 | Үмүт социалдык шаарчасынын документ иштерине | Гос регистр | №297 30.12.2024 | 151,6 | 70111 | 2215 |
14 | Достук бала бакчасына принтер алуу | ЖчК "Техно смарт" | 12,8 | 70911 | 3112 | |
| Жыйынтык |
|
| 3870,6 |
|
|
Кызыл Туу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Шералиева
СЭӨБ башчысы Э.Жолдошова