Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-15
Кызыл-Булак айылынан №6191 контурунан 0,07 га жерди тоок ферма курууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынан №6191 контурунан 0,07 га жерди тоок ферма курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Булак айылынан №6191 контурунан 0,07 га жерди тоок ферма курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |