Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-16
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун ортосундагы “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ири долбоор боюнча келген шире чыгаруучу заводун Баглан комерциялык кооперативине түз ижарага берүү жана Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОнун 8-пункутуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун ортосундагы “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ири долбоор боюнча келген шире чыгаруучу заводун Баглан комерциялык кооперативине түз ижарага берүү жана Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОнун 8-пункутуна өзгөртүү киригизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун ортосундагы “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ири долбоор боюнча келген шире чыгаруучу заводун Баглан комерциялык кооперативине түз ижарага берүү жана Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОнун 8-пункутуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |