Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 6/2
Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө
“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомунун 1-тиркемесинин 21-пунктунун 4-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 сандуу буйругун аткарууга алып, Тилектеш айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотунун Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Аксакалдар сотунун Регламентинин жоболорунун негизинде иш кароону регламентте каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлүүсүн камсыздоо жагы аксакалдар сотунун төрагасы Т.Маназаровго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевге тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош областык юстиция башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүлсүн .
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |