Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-18
Т.Кулатов айыл аймагындагы бак фонд жери менен түзүлгөн келишимдеги жерлерге, 2024-жылдын 28-июнь күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн кесепетинен, келген селден улам ижара акысын төмөндөтүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагындагы бак фонд жери менен түзүлгөн келишимдеги жерлерге, 2024-жылдын 28-июнь күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн кесепетинен, келген селден улам ижара акысын төмөндөтүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагындагы бак фонд жери менен түзүлгөн келишимдеги жерлерге, 2024-жылдын 28-июнь күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн кесепетинен, келген селден улам ижара акысын төмөндөтүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |