Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 6/3
Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Тилектеш айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн.
2. Жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча талаптагыдай иш алып баруу, калкты өз убагында сапаттуу урук менен камсыздоо, жер айдоо иштерине техника маселесин уюштуруу жана арзан күйүүчү май менен камсыздоо, сугат суу менен камсыздоону уюштуруу, өз убагында каналдарды тазалоо иштерин жүргүзүү,үрөн алуу жана мал чарбачылыгы боюнча арзан кредиттерди алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иштерин камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
3. Жайлоого көчүү убактысы болгонго чейин малдарды жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында толук эмдөөдөн өткөрүү жагы айыл өкмөттүн ветеринардык адистерине жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук жана жер маселелери боюнча боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |