Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 6/4
Тилектеш айыл аймагынын Осоавиахим айылынын тургундарынын айылдын атын тарыхый ат болгон Үсөн-Кыштоо деп өзгортүү жөнүндөгү протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун негизинде жана Осоавиахим айылынын тургундарынын 2025-жылдын 1-мартындагы №3 сандуу жалпы элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун негизинде жана Осоавиахим айылынын тургундарынын 2025-жылдын 1-мартындагы № 3 сандуу жалпы элдик жыйынынын протоколу жактырылсын.
2.Осоавиахим айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын чечимин эске алуу менен айылдын атын Үсөн-Кыштоо деп өзгөртүү жөнүндө иш кагаздары тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
3.Осоавиахим айылынын атын Үсөн-Кыштоо деп өзгөртүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими тиешелүү жогорку органдарга билдирилсин.
4.Айылдын атын өзгөртүү жөнүндөгү мурдагы Жошолу айылдык кенешинин 12.05.2021-ж. № 43/2 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |