Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-18
Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |