Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 6/5
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декбарына чейинки мезгил аралыгындагы жана реформа жүргүзүлгөн административдик аймактын 2024-жылдын 1-апрелине карата бюджеттин түзүлүшүнө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 2023-жылдагы Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине айлык акыны төлөөдө кетирилген кемчилдиктерин жоюу максатында Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджттин түзүлушунө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын эмгек жана салык кодекстеринин сакталышын,КР сынын жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын,КР Өкмөтүнүн 19.06.2009-ж №386 токтомунун талаптарына ылайык иш алып баруу жана жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен социалдык фондго чегерүүлөр жана киреше салыгына төлөнүүчү 24,2 сом акча каражаты жайыт комитетинин төрагасынын эсебинен өндүрүлүп.тиешелүү бюджетке төгүлсүн.
3.Айыл өкмөттүн кызматкерлерине туура эмес ашыкча төлөнгөн 117,0 мин сом акча каражаты тиешелүү кызматкерлердин эсебинен калыбына келтирилсин.
4.КР сынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчиликтердин ордун толуктап, тиешелүү жактарга төлөм жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комсиисиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |