Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-августу №9-19
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №29-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдар бөлүмүнүн 9 айлык пландан ашыкча түшкөн киреше 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатын Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна 2 000 000 (эки миллион) сом, Баглан айылындагы сел алып кеткен кечүүнү оңдоо үчүн 368 300 (үч жүз алтымыш сегиз миң үч жүз) сом, Кош-Дөбө, Кулуштан айылдарынын үлүштүк жерлерин селден тазалоо үчүн 50 000 (элүү миң) сом, Жал ооруканасынын ремонтуна 75 000 (жетимиш беш миң) сом, селканаларды тазалоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом, борбордук жолдогу кызыл сызыкка чыккан дарактарды жулуу үчүн 306 700 (үч жүз алты миң жети жүз) сом акча каражатын планга коюуга макулдук берүү жөнүндөгү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин отчетун угуп жана талкуулап, божомол менен 9 айында кошумча түшкөн кирешени жогорудагы маселелерди чечүүгө акча каражатын планга коюп берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №29-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүмүндөгү планга өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |