Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 6/6
Тилектеш айыл аймагынын Кең-Жылга айылындагы № 27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин жанындагы бош жаткан жер тилкесин айыл өкмөттүн менчигине кабыл алуу жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын Кең-Жылга айылындагы № 27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин жанындагы бош жаткан жер тилкесин айыл өкмөттүн менчигине кабыл алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Ысаковдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кең-Жылга айылындагы № 27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин жанындагы бош жаткан 600,0 чарчы метр жер аянты болгон жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги деп таанылсын.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |