Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-1
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Ажибаев |
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу
28.11.2024-жыл Кызыл-Булак айылы
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: С.Каратаева
Эсептөө комиссиясынын катчысы: М.Исаков
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: С.Ракманова
Күн тартиби:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы С.Каратаева күн тартиби, айылдык кенештин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1.Рустамов Кеңешбек Кудайбердиевич
2. Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча,эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны 31 (отуз бир).
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны-31 (отуз бир).
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны-31 (отуз бир).
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны -31 (отуз бир).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны -жок.
6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны-31 (отуз бир).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны-31 (отуз бир).
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны-жок.
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1.Рустамов Кеңешбек Кудайбердиевич -14 (он төрт) добуш.
2. Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич -16 (он алты) добуш.
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы С.Каратаева
Эсептөө комиссиясынын катчысы М.Исаков