Загрузка документа…
. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-2
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрь №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.
2. Рустамов Кеңешбек, Балтабаева Канзада Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын..
Төрага | А.Ажибаев |
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколу
28.11.2024-жыл Кызыл-Булак айылы
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: С.Каратаева
Эсептөө комиссиясынын катчысы: М.Исаков
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: С.Ракманова
Күн тартиби:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрайымы С.Каратаева күн тартиби, айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1.Рустамов Кеңешбек Кудайбердиевич
2. Балтабаева Канзада Абдималиковна
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны 31 (отуз бир).
Шайлоо ачык добуш менен өткөрүлдү. Депутаттар эки талапкерди бир добуштан колдошту.
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Рустамов Кеңешбек Кудайбердиевич, Балтабаева Канзада Абдималиковна депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы С.Каратаева
Эсептөө комиссиясынын катчысы М.Исаков