Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги
5-отуруму
2025-жылдын 17-марты 5/1
АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курманжан Датка айыл аймагынын АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
3.АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу боюнча иштердин кемчиликтери үчүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго тартиптик чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |