Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-3
Элдик Курултайга Т.Кулатов айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Т.Кулатов айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 01-октябрындагы №2 чечимине негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Ж.Амираев маданият үйүндө 2024-жылдын 07-декабрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Т.Кулатов айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 200 болуп бекитилсин.
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги түзүлсүн.
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы түзүлсүн. (мындан ары – Жумушчу топ).
5.Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп Т.Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары эсептелсин.
6. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |