Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги
5-отуруму
2025-жылдын 17-марты 5/2
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы боюнча аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу жана берилген билдирүүлөр, алынган көчөттөр боюнча маалыматты 2025-жылдын 6 (алты) айлык жыйынтыгында берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
3. Көчө жарыгынын абалы тууралуу маалыматтарды 2025-жылдын 6 (алты) айлык жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |