Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 9
Муниципалдык менчикти Караходжаев Заирбек Ырысмаматовичке ижарага берүү жѳнүндѳ
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, айылдык кеңештин 13-декабрындагы № 8 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасынын 72-73 беренелеринин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, 2024-жылдын 13-декабрындагы №8 токтомунун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Караходжаев Заирбек Ырысмаматовичке, ИНН 22008198200148, паспорт ID3789153, 07.02.2024, МКК212011 экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берилсин.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтү белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзүүнүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |