Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 10
Савай айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө таштандыларды ташып чыгарууга атайын техника сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын негизинде Савай айылдык округунун Кеңешинин депутаттары Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-декабрындагы “Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 12832115 ( он эки миллион сегиз жүз отуз эки миң жүз он беш ) сомду айылдардагы тургундардын талаптарын, жашоо шартын, тазалыгын эске алып санитардык абалды жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнө таштандыларды ташып чыгарууга атайын техника сатып алууга айылдык кеңештин макулдугун берүү өтүнүч катынын негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-декабрындагы “Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 12832115 ( он эми миллион сегиз жүз отуз эки миң жүз он беш ) сомду тургундардын талаптарын, жашоо шартын, тазалыгын эске алып санитардык абалды жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнө таштандыларды ташып чыгаруу үчүн атайын техника сатып алуу жөнүндө долбоору кабыл алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө берилген каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү, пайдаланбай калган каражат үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |